Жалал-Абадда УКМКнын аскердик-медициналык башкармалыгынын имараты ачылды

Аймак 0

Бишкек, 05.07.24. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин аскердик-медициналык кызматынын региондор аралык аскердик-медициналык башкармалыгынын имараты ачылды.

Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, атайын кызматтын кызматкерлери жана ардегерлери катышты.

Оорукана УКМК жана чек ара кызматкерлери, УКМКнын ардегерлери жана үй-бүлөлөрү үчүн курулган. Мында жалпы 30 орун болуп, толугу менен заманбап шарттар түзүлгөн.

Жалал-Абад шаарында жайгашкан региондор аралык аскердик-медициналык башкармалык Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарындагы атайын кызматтын кызматкерлери үчүн кызмат көрсөтөт.

Имараттын курулушу 2022-жылы башталып, 2 жылга жетпеген убакыт ичинде бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди.

Пикир

Оставить комментарий