• 87
  • 90.41
  • 0.84

Жалал-Абадда "Улут наркы — эл баркы" аталышындагы иш-чара өттү

Аймак 0

Бишкек, 13.11.24. /Кабар/. Бүгүн Жалал-Абад облустук Барпы атындагы кыргыз драма театрында “Улут наркы — эл баркы” аталышындагы иш-чара өттү. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Ага президентин өкүлү Тилек Текебаев, Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров, облустук укук коргоо, күч түзүмдөрүнүн жетекчилери, облус аймактарынан келген дин өкүлдөрү жана жаштар катышты.

Жыйында кыргыз элинин улутубуздун нарк-насили, ислам баалуулуктары жана улуттук дөөлөттөрдүн сакталышы тууралуу сөз болду.

Мында сөз сүйлөгөн облус башчысы аталган иш-чаранын маанилүүлүгүнө токтолду.

"Элибиздин наркы — бул ата-бабаларыбыздан калган салт-санаалар, каада-жөрөлгөлөр, рухий баалуулуктар. Ар бир эл өзүнүн уникалдуу баалуулуктары жана өзгөчөлүктөрү менен айырмаланып турат. Ошол эле учурда, элибиз арасында каада-салтка жамынган, ашыкча ысырапкорчулукту жөнгө салуу боюнча жарлыктар да кабыл алынууда. Бул эң алгач коомдогу социалдык адилеттүүлүктү сактоо аракети десек болот", – деди Тилек Текебаев.

Пикир

Оставить комментарий