• 88.02
  • 95.49
  • 0.97

Жалал-Абадда жаңы ачылган базардан бюджетке жылына 45 млн сом түшөрү күтүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 10.10.22. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында жаңы муниципалдык базардын расмий ачылуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ачылыш аземине Жалал-Абад облусунун башчысынын орун басары Эркин Маматаев, шаар мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык ардагерлер кеңешинин төрагасы Дүйшөн Мамасалиев, шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Айзат Раматиллаева, мекеме-ишканалардын жетекчилери, шаар тургундары жана коноктору катышты.

Шаар башчысы муниципалдык базар шаар казынасын толтуруу, шаардын борбордук бөлүгүндөгү чачкынды соода жайларын жоюу жана унаалардын тыгынын азайтуу максатында курулганын баса белгилеп, базар өрт коопсуздугунун талаптарына жооп берген заманбап базар экенин кошумчалады.

Аталган муниципалдык базардын жалпы аянты 3,5 гектарды түзүп, базарда миңге чукул соода орундары, кардарлар жана соодагерлер үчүн атайын унаа токтотуучу жайы бар.

"Элге ыңгайлуу шарт түзүү максатында учурда муниципалдык базардын жанына калкты тейлөө борборун жана башка бир катар мекемелерди жылдыруу аракети көрүлүп жатат. Мындан сырткары, шаардагы 10дон ашык маршруттук каттам базар аркылуу өтсө, шаарга жакын аймактардан келген кичи автобустар да аталган базарга токтоп жатат", - деп белгилешти муниципалитеттен.

Белгилей кетсек, жаңы ачылган муниципалдык базардын курулушуна жергиликтүү бюджеттен 47 млн сомго чукул акча каражаты жумшалды. Ал эми муниципалдык базардан жыл сайын жергиликтүү бюджетке орто эсеп менен 45 млн сомго чейин акча каражаты түшөт.

Эске салсак, Жалал-Абад шаарында жергиликтүү бюджеттен буга чейин муниципалдык унаа базары да курулган болчу.

Пикир

Оставить комментарий