• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Ысык-Көл районунда тигүү цехи ишке кирди. Кийимдер Россияга экспорттолот

Аймак 0

Бишкек, 25.04.23. /Кабар/. Ысык-Көл районунун Ананьево айылында 200 орунду тигүү цехи ишке кирди. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, ишкер Абдулла Базарбаевге жеке ишкерлигин баштоого Ысык-Көл облустук өнүктүрүү фонду колдоо көрсөтүп, 20 млн сом бөлүп берген.

Ишкана тарабынан өндүрүлгөн аялдардын жана эркектердин сырткы кийимдери Россияга экспорттоого багытталган.

Бүгүн, 25-апрелде цехтин расмий ачылышы болуп, президенттин чечимдерин даярдоо башкармалыгынын начальниги Айбек Жунушалиев, облус башчысы Илияз Иманбетов, район жетекчилиги жана айыл тургундары катышты.

Пикир

Оставить комментарий