Жалал-Абадда жаңы окуу жылына карата 17 мектеп пайдаланууга берилет

Аймак 0

Бишкек, 15.08.23. /Кабар/. Жалал-Абад облусу боюнча 2023-жылдын 1-сентябрына карата жалпы 17 мектеп пайдаланууга берилет. Имараттардын басымдуу бөлүгү республикалык бюджеттен каржыланган.

Президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашкандай, 12 мектеп өлкө казынасынан, 1 мектеп жергиликтүү бюджеттен, калган 4 мектеп эл аралык фонддордун каржылык көмөгү менен курулган.

Алардан: Аксы районунда 3, Ала-Бука районунда 2, Базар-Коргон районунда 2, Ноокен районунда 2, Сузак районунда 5, Токтогул районунда 2, Тогуз-Торо районундагы 1. Мектеп имараттарын 2023-2024-жаңы окуу жылына карата колдонууга берүү пландалган. Азыркы учурда имараттарды ички жасалгалоо, керектүү жабдыктар менен камсыздоо жумуштары аткарылып жатат.

Облус боюнча жыл аягына чейин жалпы 20 мектеп бүткөрүлөт.

Белгилей кетсек, жалпы Кыргызстан боюнча 2023-жылдын аягына чейин 100 мектеп колдонууга берилет.

Пикир

Оставить комментарий