Жалал-Абадда "Жаштар баңгизатка каршы" аттуу спорттук иш-чара жана тегерек стол өттү

Аймак 0

Бишкек, 03.06.22. /Кабар/. Бүгүн, 3-июнда Жалал-Абад шаардык мэриясында өспүрүмдөр арасында баңгизаттарды колдонуунун алдын алуу боюнча тегерек стол өттү. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чарага калаанын вице-мэри Гүлбарчын Таштанбекова, ИИМдин Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары Акылбек Абдиев, ЕККУ өкүлдөрү жана тиешелүү органдардын кызматкерлери катышты.

Тегерек столдо жаштар арасында баңгизаттарды колдонуунун алдын алуу, психоактивдүү заттар жөнүндө түшүндүрүү иштерин жайылтуу, жаштардын дары-дармектерге болгон көз карандылыгын жоюу туурасында талкуу жүрдү.

Мындан сырткары, аталган иш-чаранын алкагында “Газпром” ден соолукту чыңдоо борборунда өспүрүм кыздар арасында “Жаштар баңгизатка каршы" аталышындагы мини-футбол уюштурулду.

Спорттук иш-чарада 6-9-класстарда окуган кыздардан куралган 6 команда күч сынашты. Жеңүүчүлөргө уюштуруучулар тарабынан кубок жана белектер тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий