Жалал-Абадда Жазаларды аткаруу кызматынын 70 кызматкери батирлердин ачкычтарын алышты

Аймак 0

Бишкек, 19.12.19. /Кабар/. КР премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын 70 кызматкерине Жалал-Абад шаарындагы жаңы үйлөрдүн батирлерин тапшырды.

«Биз силердин ишиңер кандай оор экенин билебиз. Сиздер калктын эң оор бөлүгү менен иштейсиздер. Бирок кайсы бир учурга чейин силердин ишмердүүлүгүңөргө тиешелүү деңгээлде көңүл бурулбай келди. Азыр көпчүлүгү өзгөрдү. Акыркы учурда силердин көпчүлүк кесиптештериңер көптөн күткөн батирлерин алышты. Мындай кубанычка бүгүн силер дагы жеттиңер. Ар бир үй-бүлөнүн жашоосунда күткөн мына ушул жакшы саамалык куттуу болсун, чын жүрөктөн куттуктайм», - деди премьер-министр.

Өкмөт башчы мекеме жетекчилигинин өжөрлүгүнүн негизинде ички реформалар жүргүзүлүп жатканын баса белгиледи.

«Жакында эле бөлүштүрүлгөн коопсуздук системасын көзөмөлдөө мүмкүндүктөрүн бириктирген, өтө кооптуу кырдаалдарды автоматтык түрдө көзөмөлдөгөн жана аларга мекеменин аймагында жооп кайтарган мониторинг борбору ачылды. Бул Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан жарыяланган Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында жасалып жатат. Жазаларды аткаруу кызматында иштегендер үчүн поликлиника ачылды, эркинен ажыратуу жайларында өнөр жай ишмердүүлүгүн жандандыруу боюнча пландар бар. Биз кызматкерлердин ишин жеңилдетүүнү каалайбыз», - деди өкмөт башчы.

Ал ошондой эле калк жыш жайгашкан жерлердеги колонияларды жана тергөө абактарын шаардан тышкары которуу долбоору даярдалып жатканын айтып берди.

Премьер-министр үйдүн короосундагы балдар аянтчасын жабдуу үчүн 100 миң сом тапшырды.

Маалымдама: Жазаларды аткаруу кызматында иштегендер үчүн 5 кабат үй 2017-жылы майда салынып баштаган. Анда бир жана эки бөлмөлүү 70 батир бар.

Пикир

Оставить комментарий