• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Жалал-Абадда жеңил жүк ташуучу унаа жана мотоцикл чыгаруучу завод куруу пландалууда

Аймак 0

Бишкек, 05.02.24. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда жеңил жүк ташуучу унааларды, жүк ташуучу электр мотоциклдерин, насосторду жана клапандарды чогултуучу завод куруу пландалууда.

Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, облус башчысы Абсаттар Сыргабаевдин Кытайга болгон иш сапарынын алкагында бул багыттагы инвестициялык долбоорду ишке ашыруу максатында Кытайдын “Shaanxi Qing Ju New Energy Tech Co, Ltd.” жана “Shaanxi Zhichao Industrial Development Investment Management Co., Ltd”компаниялары менен меморандум түзүлдү.

Өкүлчүлүктөн белгилешкендей, долбоордун алдын ала болжолдуу наркы 4 млн АКШ долларын түзөт.

Сыргабаев мындай иш-аракеттер Жалал-Абад облусунун экономикалык көрсөткүчтөрүн жогорулатуу, жаңы жумуш орундарын түзүү менен инвесторлорду колдоо багытында ишке ашырылып жатканын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий