• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Ошто инвестициялык долбоорлорду өнүктүрүү боюнча семинардын катышуучулары сыйланды

Аймак 0

Бишкек, 23.08.22. /Кабар/. 22-августта Ош шаарында Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарында бирдиктүү мамлекеттик инвестициялык саясатты түзүү боюнча көчмө жыйын өттү.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, иш-чаранын алкагында эл аралык стандарттарга ылайык инвестициялык долбоорлорду иштеп чыгуу, аймактарга жана чарба жүргүзүүчү субъекттерге инвестициялык паспортторду берүү темасында семинар-тренинг өткөрүлдү.

Анын жыйынтыгында окуу-семинардын 30дан ашык угуучулары, анын ичинде түштүктөгү үч облустун мамлекеттик кызматкерлери, тагыраагы, президенттин Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлери сыйланды.

Сыйлык тапшыруу аземине инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Равшан Сабиров, Ош шаарынын биринчи вице-мэри Марс Исаев, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Уристем Манапов катышты.

Белгилей кетсек, түштүктө мындай семинар биринчи жолу өтүп жатат, буга чейин бул семинар Чүй, Талас, Ысык-Көл жана Нарын облустарында өткөрүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий