Бишкек, 22.10.20. /Кабар/. Жалал-Абадда жер титиреди, - деп билдирет КР ӨКМдин басма сөз кызматы.
КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө бүгүн, 22-октябрь күнү саат 07:21де Жалал-Абад облусунун аймагында катталып, очогунда күчү 3 баллга жеткен.
Жер титирөө Бостон, Бешик-Жон, Карача айылдарында 2,5 балл, Базар-Коргон айылында 2 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Пикир
Оставить комментарий