• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Ок атууну токтотуу боюнча чечимге келдик — Ташиев

Кырсык 0

Бишкек, 16.09.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. КР УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Тажикстандын Гулистон, Исфара шаарларына барып, Тажикстандын УКМК төрагасы Саймумин Ятимов жана бардык күч структуралардын жетекчилери менен жолугушканын журналисттерге билдирди.

“Ок атууну токтотуу боюнча чечимге келдик. Ошондой эле Баткен облусунун, ички иштер башкармалыгынын башчысы, УКМКнын Чек ара кызматынын директорунун орун басары жана ички иштер министрдин орун басарынан турган комиссия түздүк. Тажик тараптан дагы комиссия түзүлдү. Кызыл-Бел чек ара заставасында комиссия ишин баштады. Ок атууну токтотуу боюнча команданы бердик”, - деди УКМКнын төрагасы.

Ташиев атышуу 1-2 сааттын ичинде толук токтой турганын билдирди.

Буга чейин Кыргызстан менен Тажикстандын УКМК жетекчилери Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов саат 16:00дө ок атышууну токтотууну макулдашканы тууралуу маалымдалган.

Эскерте кетсек, 14-сентябрда эртең менен Баткендин Булак-Башы тилкесинде ок атылган. Көп өтпөй тажикстандык чек арачылар Баткендин Как-Сай жерлигиндеги “Достук” жана Паскы-Арык жерлигиндеги “Самаркандек” чек ара заставасына ок чыгарышкан.

Төрт-Көчө жерлигинде Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусунун жыйынтыгында бир катар макулдашууларга жетишилген.

Кечээ, 15-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында абал салыштырмалуу туруктуу деп мүнөздөлгөн.

Бүгүн, 16-сентябрда саат 06:00дө тажик тарап КР УКМКнын Чек ара кызматынын Эки-Таш, Чыр-Дөбө, Кум-Мазар жана Орто-Боз жергелериндеги чек ара отрядын жана кыргыз тараптын позицияларын аткылай баштаган.

Саат 06:30да тажик тарап Баткен чек ара отрядынын "Көк-Таш" чек ара бекетинин көзөмөлүндөгү тилкени миномет менен ата баштаган.

Саат 08:00гө карата Баткен районунун Кызыл-Бел, Көк-Таш, Тамдык, Достук айылдарында жана Төрт-Көчө участкасынын, Лейлек районундагы Кулунду, Достук, Максат, Сада 1, Акчечек, Катта-Туз, Маданият, Ленин жана Жаңы-Жер аймактарынын тургундары коопсуз жерге эвакуацияланууда.

Учурда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бардык периметри боюнча куралдуу кагылышуулар болууда.

Белгилей кетсек, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуудан 42 кыргызстандык жабыркады.

УКМК тажик тарап оор бронетехниканы, залптык реактивдүү системаларды (РСЗО) жана авиацияны колдонуп жатканын билдирди. Ошондой эле алар чек арага жакын жашаган тургундарын “тирүү” калкан катары колдонууда.

Пикир

Оставить комментарий