• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Бишкекте ызы-чуу салган “гелендвагендердин” айдоочулары кармалды

Кырсык 0


Бишкек, 10.10.18 /Кабар/. Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери “Мерседес-Гелендваген” унааларынын жол кыймылынын эрежелерин бузган айдоочуларынын тобун кармашты.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, кечээ, 9-октябрда жалпыга маалымдоо каражаттарында “11 Гелендваген” джиптери Бишкектин борборун тосуп алышты” аталышындагы видео жарыяланган.

Видеодо жол тандабастардын жол кыймылынын эрежелерин бузуу фактылары көрсөтүлгөн. Аталган факт боюнча автоинеспекциянын Бишкек шаары боюнча издөө бөлүмүнүн кызматкерлери ыкчам-издөө иштерин жүргүзүп, анын натыйжасында ошол эле күнү “Мерседес-Геленваген” үлгүсүндөгү 7 унаанын айдоочуларын кармашкан. Кармалгандар “Унаа бейбаштыгы” беренеси боюнча административдик жоопкерчиликке тартылган.

Транспорт каражаттары айып унаа токтотуучу жайга киргизилген. Жол кыймылынын эрежелерин одоно бузган калган унааларды кармоо уланууда.

ИИМдин ЖКККББ мындай бузуулар үчүн айдоочуларга 30 миңден 50 миң сомго чейин айып пул салына тургандыгын эскертет.

Пикир

Оставить комментарий