• 87.45
  • 91.15
  • 0.88

Жалал-Абадда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого даярдыктар талкууланды

Аймак 0

Бишкек, 31.10.24. /Кабар/. Бүгүн Жалал-Абад облусунда ушул жылдын 7-ноябрына дайындалган жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо даярдыктары боюнча облусттук штабдын отуруму өттү. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Жыйынды Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова жана президенттин өкүлү Тилек Текебаев жетектеди.

Ага облустук штабдын мүчөлөрү, райондук мамлекеттик администрация башчылары жана шаарлардын мэрлери, тиешелүү райондук жана шаардык мекеме-уюмдардын жетекчилери, айыл өкмөт башчылары катышты.

Отурумда өлкөдө жүргүзүлгөн административдик-аймактык реформадан кийин өтүүчү шайлоо эрежелерине киргизилген өзгөрүүлөр, жарандардын шайлоого катышуу мүмкүнчүлүгүн жеңилдетүү, шайлоочулардын тизмесин тактоо, участкалардагы материалдык-техникалык базаны чыңдоо, үзгүлтүксүз жылуулук, электр энергиясы жана интернет байланыштары менен камсыздоо маселелери талкууланды.

Ыйгарым укуктуу өкүл Тилек Текебаев район, шаарлардын башчылары жана тийиштүү жетекчилерге, ар бир шайлоо участкаларында бардык даярдык жана коопсуздук чаралары өз убагында көрүлүүсү зарылдыгын эскертти.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад облусунда жалпы 452 шайлоо участкасы болуп, аларга 771 миң 457 жаран катталган. Ушул жылдын 17-ноябрь күнү, облус боюнча жалпы 10 шаар жана 37 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо өнөктүгү өтөт. Мындагы жалпы мандаттардын саны 907ни түзөт.

Пикир

Оставить комментарий