• 87
  • 90.41
  • 0.84

Жалал-Абадда жергиликтүү салыктар боюнча киреше ашыгы менен аткарылды

Аймак 0

Бишкек, 14.01.19. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында өткөн жылы жергиликтүү бюджетке салык кирешесин жыйноо ашыгы менен аткарылган. Жалпысынан өткөн салыштырмалуу 14 миллион сомдук салык кирешеси ашыкча жыйналган. Бул тууралуу шар мэриясынын жергиликтүү экономикалык өнүгүү бөлүмүнөн билдиришти.

Алынган маалыматка караганда, өткөн жылы жергиликтүү салыктар шаар боюнча алдын ала эсептөөлөр менен 346,2 миллион сомго жыйналган. Ал эми 2017-жылы бул көрсөткүчтүн көлөмү 332,2 миллион сом болгон. Ошентип, жылдык өсүү темпи өткөн жылга карата 104,2 пайызга жетти.

Шаар мэриясынын жергиликтүү экономикалык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Салижан Умаровдун айтымында, мындай өсүү шаарда жаңы ишканалардын ачылышы, жумушчу орундарынын түзүлүшү, өндүрүш көлөмүнүн жогорулашы, жалпы салык базасынын акырындык менен кеңейип баратышы менен түшүндүрүлөт.

Эске сала кетсек, өткөн жылы Жалал-Абад шаарында 50 жаңы ишканалар ачылып, 742 жумушчу орундары түзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий