• 88.68
  • 95
  • 0.95

"Дарак ыры" кыргыз мюзикли Калифорнияда: Тасманы көрүүнү каалагандар көп болду

Маданият 0

Бишкек, 14.01.19. /Кабар/. Американын Калифорния штатында “Дарак ыры” кыргыз мюзиклине билеттери бир заматта толугу менен сатылган. Бул тууралуу тасманын режиссеру Айбек Дайырбеков социалдык тармактарда кабарлаган.

Учурда Калифорнияда Palm Springs International Film Society эл аралык кинофестивалы өтүүдө. Аталган фестивалда 9-январь күнү кыргыз тасмаларынын биринчи ирет көрсөтүүсү өткөн.

Айбек Дайырбековдун айтуусунда, “Дарак ыры” тасмасы көрүүчүлөргө абдан жагып, тасма аяктагандан кийин токтобогон кол чабуулар менен коштолгон.

Тасманы көрүүнү каалагандардын саны көп болуп, билеттерди бир заматта сатып алышкан. Ага байланыштууу уюштуруучулар "Дарак ырын" дагы бир жолу көрсөтүүнү чечишкен.

Пикир

Оставить комментарий