• 87
  • 90.41
  • 0.84

Жалал-Абадда Жылдын мыкты кыргыз тили мугалими-2021 сынагы жыйынтыкталды

Аймак 0

Бишкек, 24.09.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмү калаадагы мектептер арасында уюштурган Жылдын мыкты кыргыз тили мугалими-2021 сынагы жыйынтыкталды. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кароо-сынактын жыйынтыгында бардык көрсөткүчтөр боюнча эң мыкты натыйжаларды көрсөтү байгелүү орундарды камсыздаган мугалимдерди Жалал-Абад шаарынын вице-мэри Гүлбарчын Таштанбекова куттуктап , баалуу белектерди тапшырды.

1-орун - Б.Осмонов атындагы №5 мектеп-гимназиясынын кыргыз тили мугалими Нургул Апсаматова ардак грамота жана персоналдык компьютер белекке берилди.

2-орун - М.Бабкин атындагы №1 мектеп гимназиясы кыргыз тили мугалими Бегайым Суханбердиева жана К.Закиров атындагы №2 жалпы билим берүү орто мектебинин кыргыз тили мугалими Жамшитбек кызы Акберметке планшет берилди.

3-орун - №4 мектеп-гимназиясы Махабат Камчибековага КР Мамлекеттик тил комиссиясынын Жалал-Абад облусу боюнча өкүлү Үпөл Асаналиева өзүнүн бир айлык баар акысын акчалай сыйлык катары берди.

Ал эми калган С.Давлетов атындагы №14 инновациялык мектеп-лицейинин кыргыз тили мугалими Малика Айдаралиева менен И.Сатыбаев атындагы №19 жалпы билим берүүчү орто мектебинин кыргыз тили мугалими Турсунай Орозовага турмуш-тиричилик каражаттары тапшырылды.

Калган катышуучулар шаардык мэриянын дипломдору менен сыйланышты.

Белгилей кетсек, сынак 23-сентябрь - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 32 жылдыгына карата өткөрүлүп, ага жалпы 14 мугалим катышкан. Жалал-Абад шаардык мэриясы сынак үчүн 30 миң сом акча каражатын бөлгөн.

Пикир

Оставить комментарий