• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Жалал-Абадда зыянкеч чегирткелерди жок кылуу аракеттери көрүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 23.04.24. /Кабар/. Жалал-Абадда зыянкеч чегирткелерди жок кылуу аракеттери көрүлүүдө. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, 23-апрелге карата Жалал-Абад облусунда 2 270 гектар аянтта зыяндуу чегирткелерди аныктоо боюнча изилдөө иштери жүргүзүлүп, чегиртке таркалган аянт облус боюнча 1340 гектарды түздү. Анын ичинен төмөнкү аянттарда чегирткенин личинкаларынын чыгышы аныкталган:

  • Сузак району, Кара-Дарыя айыл аймагында — 590 гектар;
  • Базар-Коргон району, Сейдикум айыл аймагы, Олжобай-Ата участкасында — 200 гектар;
  • Базар-Коргон шаарына караштуу Падачы-Ата участкасында — 300 гектар;
  • Ноокен району, Бургөндү-Достук айыл аймагында — 250 гектар.

Зыяндуу чегирткелердин айыл чарба эгиндерине зыян келтирүүсүн болтурбоо иш-чараларын өз убагында жана ыкчам жүргүзүү үчүн Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин пепартаментинин адистери тарабынан тиешелүү атайын техникалар, керектүү күйүүчү-майлоочу майлар жана пестициддер даярдалып, таркалган 1340 га аянттын ичинен 440 гектарда химиялык иштетүүлөр жүргүзүлдү.

Белгиленгендей, бүгүнкү күндө Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу, Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин адистери тарабынан региондордо өзгөчө коркунучтуу зыянкечтерди аныктоо боюнча пландуу жана масштабдуу изилдөөлөр жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий