• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Ош - түрк дүйнөсүнүн маданий борбору: Салтанатка кызуу даярдык жүрүүдө. Сүрөт

Аймак 0

Бишкек, 10.04.19. /Кабар/. Ош 2019-жылдагы “Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” деп жарыяланган. Учурда салтанатка кызуу даярдык жүрүп жатат, - деп билдирет Ош мэриясынын басма сөз кызматы.

Билдирүүгө ылайык, вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова иш-чараларга даярдыктар менен таанышып чыкты.

Вице-премьер-министрге Ош шаарынын мэри Т. Сарыбашов, өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү У. Жылкыбаев, Маданият, маалымат жана туризм министри А. Жаманкулов жана башка министрликтин өкүлдөрү, уюштуруу иштери боюнча комиссиянын мүчөлөрү жана маданият кызматкерлери иш-чара өтүүчү жайлар менен тааныштырып, маалымат беришти.

Салтанатка карата мэрдин демилгеси менен борбордук стадион, “Алымбек датка” этнографиялык борборунда оңдоо иштери жүрдү.

Борбордук көчөлөрдүн түнкү жарыктандыруу системалары жаңыланды.

Пикир

Оставить комментарий