Жалал-Абаддагы "Алтын балалык" лагерине жаңы коттедждер курулууда

Аймак 0

Бишкек, 11.06.24. /Кабар/. Жалал-Абаддын Сузак районунун Кара-Алма айылында жайгашкан "Алтын балалык" лагерине 4 жаңы коттедж курулууда.

Жалал-Абад шаардык мэриясынан билдиришкендей, коттедждерди куруу иштерине жергиликтүү бюджеттен 7 млн сом акча каражаты бөлүнгөн.

Белгилей кетсек, аталган лагерь Жалал-Абад шаардык мэриясынын баласында жана жалпы 120 орунга ылайыкташкан. Ага жыл сайын шаардагы аз камсыз болгон, ата-энесинен ажыраган жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар акысыз эс алууга жиберилет.

Пикир

Оставить комментарий