• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Таласта 70 кичи автобус дезинфекциядан өткөрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 12.03.20. /Кабар/. КР Саламаттык сактоо министрлигинин көрсөтмөсүнө ылайык, өлкөбүздүн бардык аймактарында коронавирустук инфекциянын республикага жайылышына каршы зарыл болгон чаралар көрүлүүдө. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

"Жугуштуу оорулардын, анын ичинде коронавирустук инфекциянын алдын алуу максатында Талас райондук мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык борбору шаар ичинде жүргүнчүлөрдү ташууну камсыздаган жеке жана муниципалдык автотранспорт мекемелеринин автоунааларын дезинфекциялык тазалоодон өткөрдү. Бүгүнкү күнгө карата бардыгы болуп 70 маршруттук такси жана 1 автобус дезинфекцияланды", - деп билдиришти министрликтен.

Эртең, 13-март күнү жергиликтүү базарлар жана мечиттер санитардык дезинфекциялоодон өткөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий