• 84.24
  • 94.05
  • 0.91

Жалал-Абаддагы колледж жана кесиптик лицейлер эмеректер менен камсыз болду

Билим 0

Бишкек, 10.06.24. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун колледждери жана кесиптик лицейлери окуу эмеректери жана кеңсе жабдуулары менен камсыз болду. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, эмеректер менен камсыздоо министрликтин "Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр" долбоорунун алкагында ишке ашты.

Ошентип, эмерек жана жабдуулар төмөнкү кесиптик лицейлерге берилди:

  • Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Кара-Көл колледжине 2 млн 547 миң 230 сомго эмерек алынды.
  • Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Майлуу-Суу колледжине 1 376 280 сомго эмерек алынды.
  • Майлуу-Суу шаарындагы №76 кесиптик лицейге 970 миң 840 сомго конференц-зал үчүн эмерек, парталар, отургучтар, такталар, текчелер, илгичтер жеткирилип берилди.
  • Базар-Коргон шаарындагы №63 кесиптик лицейге 553 миң 930 сомго парталар, отургучтар, такталар, текчелер, илгичтер жеткирилген.
  • Кербен шаарындагы № 69 кесиптик лицейге 553 мин 932 сомго эмерек жеткирилген.

Белгиленгендей, буга чейин "Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр" долбоору менен бул кесиптик лицей жана колледждерде оңдоо иштери жасалган.

Пикир

Оставить комментарий