Жалал-Абаддагы кыргыз-түрк балдар лицейи эми 600 миң сомдон ижара акы төлөйт

Аймак 0

Бишкек, 16.11.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаарындагы кыргыз-түрк балдар лицейи жергиликтүү бюджетке жыл сайын 600 миң сомдон ижара акы төлөй турган болду. Мындай чечим Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезексиз сессиясында кабыл алынгандыгын Жалал-Абад шаардык мэриясы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, ошондой эле лицейдин жетекчилигине кошумча курулуп жаткан имаратты эки жыл аралыгында бүткөрүү милдеттендирилип, эки жылдан соң ижара акысы кайра каралмай болду.

Белгилей кетсек, шаардагы "Курманбек Баатыр" атындагы кыргыз-түрк балдар лицейи буга чейин 25268 чарчы метрди түзгөн муниципалдык жер аянтын имараты менен акысыз пайдаланып келген.

Пикир

Оставить комментарий