• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Жалал-Абадда жаштар саясатын өнүктүрүү, көйгөйлөр жана алдыдагы пландар талкууланды

Аймак 0

Бишкек, 01.06.22. /Кабар/. Кечээ, 31-майда Кыргызстан жаштарынын конгрессинин Жалал-Абад облусунун аймагындагы мүчөлөрүнүн жыйыны өттү. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Анда облустагы жаштар уюмдарынын ишмердүүлүгүн арттыруу, көйгөйлөр жана алдыдагы пландар талкууланды.

Жыйынга президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эркинбек Маматаев, Кыргызстан жаштарынын конгрессинин төрагасы Аскар Шайкидинов жана аймактардагы активдүү жаштар катышты.

Мында жаштардын мамлекеттик органдар менен иштөөсүн жакшыртуу, жергиликтүү бюджеттерди кабыл алууда жаштар саясатын өнүктүрүүнү эске алуу, турак жай жана жумуш менен камсыздоо маселелери талкууланды. Район-шаарлардагы социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү чечүүгө активдүү катышуу, IT жана инновациялык технологияларды өздөштүрүүдөгү көйгөйлөр белгиленди.

Жыйындын алкагында көтөрүлгөн бир катар маселелер жана сунуштардын үстүндө талуу жүрүп, аларды чечүү жолдору мамлекеттик тийиштүү органдарга сунушталаары айтылды.

Кыргызстан жаштарынын Конгресси 2018-жылы түзүлүп, 2021-жылы курамы жаңыланган. Иш-чаранын максаты - мамлекеттик жаштар саясатын калыптандырууга жана ишке ашырууга жаш жарандарды катыштыруу, жаштар саясаты чөйрөсүндөгү чечимдерди кабыл алуудагы натыйжалуу механизмдерди иштеп чыгуу болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий