• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Жалпы баасы 6 млн сомдон ашуун. Бажычылар кальян үчүн аткезчилик чылымды кармады

Укук тартиби 0

Бишкек, 29.04.22. /Кабар/. «Түштүк-Батыш» бажысынын кызматкерлери жалпы баасы 6 млн сомдон ашуун кальян үчүн аткезчилик чылымды кармашты. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош облусунда DAF үлгүсүндөгү унаа кармалган. Эсеп-фактурага ылайык унаадан Түркиядан «В.Г.» ЖЧКнын дарегине жөнөтүлгөн кездеме, авто тетиктер жана тиричилик буюмдары табылган.

Бирок, тыкыр текшерүү жүргүзүүдө жалпы салмагы болжол менен 2600 кг түзгөн, декларацияланбаган кальян үчүн чылым табылган, анын алдын ала баасы 6 млн сомдон ашык болду.

Бул факт КБР МЭЖ АМСта катталып, анын алкагында тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий