Кыргыз маданияты орду толгус оор жоготууга учурады. 16-февралдын таңында жалпы кыргыз журтчулугу нукура кайталангыс таланттын ээси, чыгаан актриса Жамал Сейдакматовадан айрылды.
Кыргыз Эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты узакка созулган катуу оорудан кийин 82 жаш курагында акка моюн сунду.
Кыргыз кино жана театр өнөрүнө опол тоодой зор салым кошкон Жамал Сейдакматова 1939-жылы 21-сентябрда Ысык-Көлдүн күңгөйүндөгү Темир айылында туулуп-өскөн.
Жамал Сейдакматова кичинекейинен эле ырга-бийге абдан шыктуу болуп өсөт. Бирок Фрунзедеги №5-орто мектепт аяктагандан кийин, эңсегени ишке ашпай, ал атасынын тили менен Москвадагы жеңил өнөр жай институтуна тапшырып, ошол жакта окуп калат. Аталган окуу жайды 2-курстан таштап, Фрунзеге келе берет. Ошентип, табиятынан берилген шык талант аны искусствого кайрып келет.
Театр залкарлары Муратбек Рыскулов, Сабира Күмүшалиева, Даркүл Күйүковалардын көрөгөчтүгү менен 1956-жылы Кыргыз мамлекеттик драма театрына (азыркы Кыргыз улуттук академиялык Т.Абдумомунов атындагы драма театры) кабыл алынат.
Келечектүү актрисанын кинодогу даңгыр жолу 1958-жылы «Алыскы тоолордо» көркөм тасмасында Зиягүлдүн ролун аткаруу менен башталып, кеңири тааныла баштаган. Ошол күндөн өмүрүнүн акырына чейин чыгаан, таланттуу актриса катары талыбай эмгек кылуунун чыныгы үлгүсүн жаратты.
Театр жана сахна ханышасы Сейдакматова
Театр – жандуу искусство. Ошол жандуу искусствого жан киргизгендердин сап башында Жамал Сейдакматова турат десек жаңылыштык болбос. Анткени, ал эгемендик жылдары алгачкылардан болуп эркин, өз алдынча иштеген «Туңгуч» театрын негиздеген. Бөлүнүп кеткенге чейин, дээрлик 32 жыл ушул театрдын сахнасында агарып-көгөргөн, чыгармачылык чоң-чоң ийгиликтерге жетишкен.
Аталган театрдын сахнасында Жамал Сейдакматова ондогон ролдорду ойноп, кыргыз элине таанылды. Анын лирикалык маанайдагы, ички маанилерге бай образдарды түзүүгө чебердиги дал ушул театрдын сахнасынан көрүндү.
Театрда иштей баштаган алгачкы эле мезгилден тартып жаш артистка кыргыз кинолоруна да активдүү тартыла баштайт.
Сейдакматованын 60-70-жылдардын ичиндеги театр өнөрүндөгү чыгармачылык ийгиликтеринин бири Англиялык улуу драматург Уильям Шекспирдин «Азоого чалма» комедиясындагы Катаринанын образы деп айтылып жүрөт. Чынында эле бул образ дегеле анын жалпы чыгармачылыгындагы эң орчундуу жетишкендик болуп саналат.
Көп кырдуу талант...
Нукура талант, эл урматына ээ болгон белгилүү актриса Жамал Сейдакматова көп кырдуу таланттын эсси.
Ал театр менен сахнада көбүнэсе лирикалык, драмалык маанайдагы образдарды мыкты жаратып, чыныгы кайталангыс таланттын чебери экендигин көрсөтө алды.
Жамал Сейдакматова обончу Экия Мукамбетовдун «Сайрагүл», «Айдайлы жашоо кемесин» сыяктуу жана башка ырларын ырдап чыгып, убагында өз замандаштарына таланттуу ырчы катары да таанылган.
Кыргыз драмтеатрынын сахнасында жетишкен ийгиликтери үчүн Ж.Сейдакматова 1970-жылы Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти, 1977-жылы Кыргыз ССРинин эл артисти ардак наамдарын алат.
Ал эми «Манастын уулу Семетей» драмасындагы Каныкейдин образы үчүн ал 1986-жылы Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаттыгына татыктуу болот.
Андан тышкары, 2003-жылы III даражадагы «Манас» ордени, 2019-жылы II даражадагы «Манас» ордени менен сыйланган. ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун Алтын медалын алган.
Кылымдын инсаны эле...
Өмүрүнүн дээрлик көбүн чыгармачылыкка арнаган актриса «Туңгуч» жаштар театрынын көркөм жетекчиси катары көптөгөн жаш таланттарга устат болгон. Аларга жол көрсөтүп, кызыктуу жана түйшүктүү иштеринде өзүнүн акыл-насаатын айтып турган.
Жамал Сейдакматова кыргыз киносунун жана театрынын акыркы могикандарынын бири катары тарыхта калды.
Кыргыз сахнасында В. Шекспирдин «Азоого чалмасында» Катарина, «Отеллосунда» Дездемона, Ч. Айтматовдун "Кылым карытар бир күн» чыгармасынын негизинде коюлган спектаклде Найман эне, Ж. Абдыкадыровдун «Олжобай менен Кишимжанында» Кишимжан, К. Мамбетакуновдун «Омар Хайямдын махабатында» Элпи, М. Байжиевдин “Төрт адамында" Нази, «Кыз күйөөсүндө» Гүлсүн, Б Жакиевдин «Күттүргөн жазда келер» драмасында Зейнеп, М. Каримдин «Ай тутулган түнүндө» Шафак, Гоголдун «Үйлөнүүсүндө» Агафе Тихоновна, Ш. Садыбакасовдун «Ак боз атында» Эркеайым сындуу этаптык образдарды жараткан.
Залкар актрисаны акыркы сапарга узатуу зыйнаты Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында өтөт.
«Кабар» Кыргыз улуттук маалымат агенттигинин жалпы жамааты Жамал Сейдакматованын жакындарына, туугандарына, өнөр кесиптештерине жана жалпы театр ишмерлерине терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза-кайгысын тең бөлүшөт.
Нукура талант, кыргыз элинин сыймыгы, кайталангыс таланттын көрүнүктүү залкарларынын бири катары Эл артисти Жамал Сейдакматованын жаркын элеси биздин, жалпы элибиздин жүрөгүндө түбөлүк жашайт.
Маалымат жана сүрөттөр интернеттеги ачык булактардан алынды
Пикир
Оставить комментарий