Бишкек, 21.09.21. /Кабар/. Бүгүн, 21-сентябрда президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов ар кандай маселелер менен кайрылган жарандарды кабыл алды.
Өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдиргендей, Ош облусунун тургундары материалдык жардам, жер тилке, жер, жөлөк пул жана башка социалдык көйгөйлөр менен кайрылышты. Ош облусунун башчысы жарандардын көйгөйлөрүн угуп, тиешелүү бөлүм башчыларына жеринде барып маселелерди чечүү тууралуу тапшырма берди.
Белгилей кетсек, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов жуманын ар шейшемби күндөрү саат 14:00дөн тарта жеке маселелер менен кайрылган жарандарды кабыл алат.
Пикир
Оставить комментарий