• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

ЖАМК: “Султан Сасиевди өлтүрүү буйругун аткарган үчүнчү адам кармалды”

Укук тартиби 0

Бишкек, 28-февраль /Кабар/. Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын тергөө башкармалыгы КР Ички иштер министрлигинин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча башкы башкармалыгынын кызматкерлери менен бирге камактагы Султан Сасиевди өлтүрүү буйругун аткарган үчүнчү адам кармашты.

ЖАМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, кылмыш 2011-жылы мартта ИК-3тө жасалган. “Анын өлүмү коомдо чоң резонанс жараткан. Алгач С.Сасиев ашыкча банги затын колдонуудан өлгөн деп божомолдонгон. Бирок, тергөөнүн жүрүшүндө Сасиев кыйноо аракеттеринин натыйжасында каза болгону аныкталган”,-деп айтылат билдирүүдө.

Кылмышка шектүү 2 жаран 2016-жылы июлда кармалган. Азыркы учурда үчүнчү кылмышкер – Б.М.га карата Бишкек шаардык Свердлов райондук соту тарабынан аны тергөө иштеринин аягына чейин СИЗО-1ге камоо чечими кабыл алынды.

Тергөө иштерине байланыштуу кармалган жарандык өздүгү азырынча жарыяланбайт.

Пикир

Оставить комментарий