• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстандын күрөш боюнча командасы Туркиядагы эл аралык мелдешке катышат

Спорт 0

Бишкек, 28-февраль /Кабар/. Кыргызстандык эркин күрөш боюнча балбандар Стамбулда (Түркия) өтө турган Yasar Dogu 2017 эл аралык мелдешине катышат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 25-февралдан тартып бардык балбандар Түркиянын окуу-машыгуу жайларында жүрүшүөт, ал 8-мартка чейин уланат.

“10-мартта Стамбулда Yasar Dogu 2017 эл аралык мелдеши башталат, ага машыктыруучу Русланбек Маджиновдун жетекчилигинин астында Кыргызстандан 8 балбан катышат”,-дем билдирди агенттиктен.

Пикир

Оставить комментарий