Бишкек, 17.09.20./Кабар/. Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Өткүрбек Жамшитов бүгүн, 17-сентябрда Коопсуздук кеңешинин жыйынында прокуратура органдарынын коррупцияга каршы күрөшүү боюнча аткарган иши жөнүндө маалымат берди. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.
Башкы прокуратура тарабынан Коопсуздук Кеңешинин «Кыргыз Республикасынын сот, көзөмөл жана укук коргоо органдарындагы коррупцияга каршы күрөшүү боюнча актуалдуу чаралар жөнүндө» 2018-жылдын 8-февралындагы чечимин ишке ашыруу максатында атайын иш-чаралардын планы иштелип чыккандыгы белгиленди.
Пландын алкагында 2010-2017-жылдар аралыгындагы 2 902 токтотулган жана 1 430 кыскартылган жазык иштер каралып чыккан. Аталган жазык иштерди окуунун жыйынтыгы боюнча кошумча тергөө амалдарын жүргүзүү жөнүндө 1 153 көрсөтмө берилген, тергөөнү токтотуу жөнүндө 691 токтом анын ичинен Финансы полициясы боюнча 256, УКМК боюнча 218, Ички иштер министрлиги боюнча 197, Жазык аткаруу мамлекеттик кызматы боюнча 7, Аскер прокуратурасы боюнча 13 жана жазык ишти кыскартуу жөнүндө 113 токтом, анын ичинен Финансы полициясы боюнча 67, УКМК боюнча 35, Ички иштер министрлиги боюнча 11и жокко чыгарылган.
Бүгүнкү күндө өндүрүштөн токтотулган жазык иштер боюнча аларды токтотуу токтомдору жокко чыгарылгандан кийин кошумча тергөөнүн жыйынтыгы менен 175 жазык иши сотко жиберилди, 194 жазык иши өндүрүштөн кыскартылды, 132 иш өндүрүштөн токтотулган, ал эми 190 жазык иш боюнча тергөө амалдары жүргүзүүлүдө.
11 жазык иши өндүрүштөн кыскартылган, 3 жазык иши соттук кароого жиберилген, 43 иш өндүрүштөн токтотулган, 56 жазык иш боюнча тергөө амалдары жүргүзүүлүдө.
Тергөөдө аныкталган мыйзам бузуулар боюнча прокуратура органдары тарабынан 43 сунуш киргизилген, анын 22си Финансы полициясына, УКМКга 6, Ички иштер министрлигине 15, айрым одоно мыйзам бузуулар боюнча 22 тартиптик өндүрүш иши козголгон (Финансы полициясы боюнча 13, УКМКга 9).
Прокурордук актыларды кароонун жыйынтыгында укук коргоо органдарынын тергөө бөлүмдөрүнүн 34 кызматкери тартиптик жоопкерчиликке тартылган (Финансы полициясы-21, УКМК-2, ИИМ-11).
Укук коргоо органдары тарабынан 2018-2019-жылдары жана 2020-жылдын 8 айында Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине коррупцияга жана кызматтык кылмыштарга байланышкан 6 541 сотко чейинки өндүрүшү катталып (2018-ж. — 988, 2019-ж. — 3 882, 2020-жылдын 8 айында — 1 671), анын ичинен 1 576 жазык иши боюнча тергөө аяктаган. Соттук кароого 965 жазык иши жөнөтүлгөн (2018-ж.-391, 2019-ж.-344, 2020-жылдын 8 айында-230).
Көрсөтүлгөн убакытта кызматтык жана коррупциялык кылмыштарга байланышкан жазык иштер боюнча мамлекеттик бюджетке 5 миллиард 826 миллион сом өндүрүлгөн.
Өткүрбек Жашмитов белгилегендей, жазык иштер боюнча мамлекетке келтирилген зыяндын өлчөмү 2018-жылы — 3 миллиард 209 миллион 770 миңди түзүп, 2 миллиард 149 миллион 735 миң сому өндүрүлгөн.
2019-жылы — 9 миллиард 734 миллион 526 миң сомду түзүп, 3 миллиард 144 миллион 853 миң сому өндүрүлгөн;
2020-жылдын 8 айында 706 миллион 419 миң сомду түзүп, 532 миллион 99 миң сому өндүрүлгөн.
Кыргыз Репсубликасынын соттору тарабынан 2 жарым жылдын ичинде кызматтык же коррупциялык кылмыштарды жасагандары үчүн 648 адам сот жообуна тартылышты.
Аталган адамдар тарабынан соттун өкүмдөрүнүн негизинде 334 миллион 519 миң сом өндүрүлгөн.
2018-жылдын 3-апрелинде бардык укук коргоо, сот органдары жана прокуратура органдары боюнча жоголгон жана жок кылынган (күйүп кеткен) жазык иштерди инвентаризациялоо жана ушундай иштердин толук электрондук Реестрин түзүү боюнча Башкы прокуратура, Ички иштер министрлиги, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети, Финансы полициясы жана Жогорку соттун кызматкерлеринен турган ведомство аралык жумушчу топ түзүлгөн.
Жумушчу топтун ишинин жыйынтыгы боюнча маалыматтар убагында жиберилип, алар кайра иштелип чыккандан кийин «Жазык статистикасы» электрондук маалыматтар базасына киргизилет.
«Бүгүнкү күндүн абалы боюнча 4 030 жоголгон жазык иши электрондук реестрге киргизилип, анын ичинен бүгүнкү күндө 3825 жазык иши табылып, кээ бирлери калыбына келтирилген. Ошону менен бирге алар боюнча бардык тийиштүү статистикалык карточкалар коюлуп чыккан.
Коопсуздук кеңешинин чечиминин бул бөлүгү жетишээрлик деңгээлде аткарылбай жатат десем болот. Бүгүнкү күндө калган 205 жазык иши табыла элек. Аларды калыбына келтирүү боюнча иштер улантылууда», — деп билдирди Өткүрбек Жашмитов.
Ал ошондой эле Кызматтык кылмыштарды, анын ичинде коррупция, мамлекеттик жана муниципалдык менчикти уурдоо менен байланышкан кылмыштарды жасагандыгы үчүн соттолгон адамдарга карата бирдиктүү маалыматтар базасын түзүүдө «Кылмыштарды эсепке алуунун электрондук китеби» автоматташтырылган маалыматтык тутумунун өзүнчө модулу катары программалык камсыздандырууну иштеп чыгуу чечими кабыл алынганын белгиледи.
Буга байланыштуу 2018-жылы учурда иштеп жаткан программалык камсыздандыруунун базасында кызматтык кылмыштарды, анын ичинде коррупция, мамлекеттик жана муниципалдык менчикти уурдоо менен байланышкан кылмыштарды жасагандыгы үчүн соттолгон адамдарга карата бирдиктүү маалыматтар базасы түзүлгөн.
Ошондой эле Башкы прокуратуранын расмий сайтында «2015-жылдан берки жогоруда аталган категориядагы кылмыштарды жасагандыгы үчүн соттолгон адамдарга карата бирдиктүү маалыматтар базасы» жайгаштырылды (азыркы учурда базада 1 714 адам каттоодо турат).
2019-жылы прокуратура органдарынын кызматкерлери тарабынан 17 605 жаран жеке кабыл алынган, анын ичинен 4 481 жаранды прокуратура органдарынын жетекчилери өздөрү кабыл алышкан.
2020-жылдын 8 айында 9546 жаран жеке кабыл алууда болуп, анын ичинен 3825 жараны прокуратура органдарынын жетекчилери тарабынан кабыл алынган.
Бул багытта аткара турган иштер күчөтүлө бермекчи.
Прокурордук иштин натыйжалуулугун жогорулатуу, прокурордук көзөмөлдү күчөтүү, ошондой эле жарандардын кайрылууларын өз убагында, натыйжалуу кароону камсыз кылуу максатында, Башкы прокуратуранын үч тармактык башкармалыктарында жарандардын кайрылууларын чечүү боюнча бөлүмдөр түзүлгөн.
Муну менен катар, прокуратура органдарынын тутумунда коррупциялык жана башка мыйзамсыз көрүнүштөр жана кызматкерлер тарабынан кызматтык милдеттерин жүзөгө ашыруу үстүндө, ошондой эле кызматтан тышкары убактысында Кесиптик этика кодексинин ченемдерин бузуу фактылары жөнүндө, ар кандай булактардан маалыматтарды жыйноо жана аларды текшерүү иштери туруктуу түрдө жүргүзүлүүдө.
Мындан сырткары, Коопсуздук кеңешинин 2018-жылдын 8-февралындагы чечимин ишке ашыруу жана прокуратура органдарында орун алган терс көрүнүштөргө ыкчам түрдө чара көрүү жана профилактикалык иш-чараларды жүргүзүү максатында, прокуратура органдарынын бардык түзүмдүк бөлүмдөрүндө атайын видеотехникалык жабдуу иштери жүргүзүлгөн.
Учурда прокуратура органдары, Башкы прокуратура менен бирге 72 регионалдык түзүмдөн туруп, түзүмдөрдүн бардыгында санариптик видео байкоо камералары орнотулуп, видео регистратор жана атайын мониторлор менен жабдылган. Бардык аймактык түзүмдөрдө орун алып жаткан жагдайларды 24 саат бою «онлайн» режиминде көрүп туруу жана керектүү учурларда тийиштүү видеоматериалдарды ыкчам түрдө алуу мүмкүнчүлүгү бар.
«Коопсуздук кеңешинин чечиминде көрсөтүлгөн сунуштамалар Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан улантылып аткарылууда жана үзгүлтүксүз көзөмөлдө турат», — деп жыйынтыктады Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов.
Пикир
Оставить комментарий