• 87
  • 90.41
  • 0.84

Жапаров финансы жана экономика кызматкерлерин майрамы менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 06.06.21./Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 7-июнда, Кыргыз Республикасынын финансы жана экономика системасынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, мамлекет башчысынын куттуктоосунда мындай деп айтылат:

«Урматтуу Кыргыз Республикасынын финансы жана экономика чөйрөсүнүн кызматкерлери!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын финансы жана экономика кызматкерлеринин күнү —кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайм!

Финансылык-экономикалык система өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн негизи болуп саналат. Бул процессте аталган чөйрөнүн кызматкерлери негизги ролду ойнойт.

Бүгүнкү күндө республиканын аталган тармагында кесиптик деңгээли жогору адистер иштейт, алар өлкөнүн интеллектуалдык потенциалынын орчундуу бөлүгүн түзөт.

Биздин финансисттердин жана экономисттердин потенциалы мамлекеттин экономикалык өсүү темпин жогорулатууга, тең салмактуу бюджетти камсыздоо жаатындагы милдеттерди жогорку деңгээлде чечүүгө мүмкүнчүлүк берет, ошондой эле глобалдык чакырыктардын алдында экономикалык туруктуулукту камсыздоого кудурети жетет деп ишенем.

Бул милдеттердин аткарылышы ар бирибизден бийик профессионалдуулукту, жумушка ак ниет мамиле кылууну жана чынчылдыкты талап кылат.

Мамлекеттин бакубаттулугу жана экономиканын мындан аркы өнүгүүсү сиздердин күжүрмөн күнүмдүк эмгегиңиздер жана аракетиңиздер менен байланыштуу.

Кесиптик майрамыңар менен куттуктап жатып, сиздердин жоопкерчиликтүү ишиңиздер үчүн ыраазычылык билдирем. Сиздерге бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт, бакубат жашоо, кесиптик ийгиликтерди каалайм!».

Пикир

Оставить комментарий