• 88.02
  • 95.49
  • 0.97

Кыргызстандын чек арачылары кадимки тартипте кызмат өтөөгө өттү

Коом 0

Бишкек, 06.06.21. /Кабар/. Кыргызстандын чек арачылары кадимки тартипте кызмат өтөөгө өттү, - деп маалымдайт КР Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы.

«6-июнь, саат 21:30га карата Чоң-Алай районундагы Унжу-Булак жергесинде абал туруктуу деп бааланууда», - деп маалымдалат.

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын сүйлөшүүсүнүн натыйжасында аймактан эки тараптын куралдуу күчтөрүн мурда жайгашкан ордуна алып кетүү аяктады.

Пикир

Оставить комментарий