• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Жапаров Улуттук банк менен өкмөткө "Азаттыктын" иликтөөсү боюнча билдирүү жасоону сунуштады

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 03.06.19. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров Улуттук банк менен өкмөткө "Азаттыктын" өлкөдөн 700 млн. долларды чыгарып кетүү боюнча иликтөөсү боюнча билдирүү жасоону сунуштады.

Анын айтымында, 2007-2009-жылдары кытай тарап менен тышкы соода жүгүртүүнүн көлөмү 9 млрд. 230 млн. долларды түзгөн.

"Ушунча суммадагы товар өлкөгө келген. Анда Казакстан жеңилдик алган эмес. Ал ЕАЭБ менен ЕврАзЭУнун мүчөсү, биз Дүйнөлүк соода уюмунун мүчөсү болгонбуз. Кытайдан Кыргызстанга 10 млрд. долларлык товар келген. Мындан улам бул акчаларды бирөө жөнөткөн да. Товар бекер келбейт да", - деди ал.

Депутаттын белгилегени боюнча, учурда бул көрсөткүч 5 млрд. долларга чейин төмөндөгөн.

"Ошол эле учурда көңүл бурсаңар, мурда расмий түрдө кыргыз тарап 600-700 млн. сомду көрсөтсө, 2017-2018-жылдары 1,5 млрд. сомду көрсөткөн. Башкача айтканда, расмий түрдө Бажы кызматы 1,5 млрд. сом көрсөтүп жатат. Демек, бул акчаны Кыргызстандан кимдир бирөө Кытайга төлөгөн. Ошондуктан капиталды чыгаруу кайсыл жакта, тышкы соода жүгүртүүгө төлөнгөн акча кайсыл жакта экенин так түшүндүрүү керек. Эгер жакын арада ага көңүл буруп, аны айырмалабасаңар бул маселе боюнча парламенттин отурумунда жооп бересиңер. Улуттук банк менен өкмөткө Кыргызстандан капиталды чыгарып кетүү боюнча маселеге түшүндүрмө берүүнү сунуштайм", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий