• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Атактуу кинорежиссер Эмир Кустурица Айтматовдун чыгармасынын негизинде Чыңгызхан тууралуу тасма тартат

Маданият 0

Бишкек, 03.06.19. /Кабар/. Атактуу сербиялык кинорежиссер Эмир Кустурица Чыңгыз Айтматовдун чыгармасынын негизинде Чыңгызхан тууралуу тасма тартат. Бул тууралуу tass.ru жазат.

Режиссердун билдиргени боюнча, тасма 2020-жылы чыгат.

"Менде Чыңгызхан тууралуу тасма тартуу идеясы бар. Бул жерде жана батышта эч ким жактырбаган адам кандай киши болгону тууралуу чоң тасма болот. Тасма кийинки жылы чыгат", - деген Железноводсктогу (Россия) кинофестивалга катышып жаткан режиссер.

Белгилей кетсек, Эмир Кустурица – сербиялык кинорежиссер, сценариист жана музыкант.

Белгилүү болгондой, Чыңгыз Айтматовдун Чыңгызхан тууралуу "Кылым карытар бир күн" романынын бир бөлүгү катары чыккан "Чыңгызхандын ак булуту" повести бар.

Пикир

Оставить комментарий