• 87.45
  • 90.16
  • 0.85

Жапаров Жерүйдөгү алтын кенин иштетүүчү комбинатты ишке киргизүүгө катышат

Президент 0

Бишкек, 15.03.21. /Кабар/. 2021-жылдын 17-мартында Талас облусунда Жерүй кенинин рудасынан алтын алынуучу Талас алтын кен комбинатынын салтанаттуу ачылышы болот.

Президенттин аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдиргендей, иш-чарага президент Садыр Жапаров жеринде, ал эми Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин теле-көпүрө аркылуу катышат.

Белгилей кетсек, алтын чыгаруучу фабриканын (ЗИФ) кубаттуулугу жылына 1,3 миллион тонна руданы түзөт. Бардык казылып алынган руда алтынды кайра иштетүүчү фабрикада кайра иштетилет, андан кийин Кыргыз Республикасынын аймагында тазаланат.

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы алтын куймаларды сатып алууда артыкчылыктуу укукка ээ болот.

Пикир

Оставить комментарий