• 87.45
  • 90.16
  • 0.85

Жарандардын бийликке болгон ишеними өсүүдө

Аналитика 0

Жарандардын бийликке болгон ишеними негизги үч көрсөткүчкө таянат. Алар – өлкөдөгү саясий-социалдык абал, улуттук валютанын туруктуулугу жана жарандардын туруктуу жашоо образы. Ушул үч туруктуулуктун деңгээлинен – жарандардын бийликке, саясий структураларга жана институттарга болгон ишенимини көз каранды.

Акыркы үч жылдын ичинде бул көрсөткүчтөрдүн баары чындап эле туруктуу болуп калды. Өлкөдө саясий кырдаал кыйла тынч. Митинг түрүндөгү жарандардын нааразычылыгы басаңдап, жокко чыкты. Мына ушундай көрүнүштөрдүн алдын алып, оппозиция дегендердин ар кандай чагымчылдыктарына бөгөт койгон бийликке баа беришибиз керек. Эл деле ар кандай ызы-чуулардан тажаган. Эми бардык тармактарда өнүгүүлөр байкалып жатса, жарандар оппозициябыз дегендердин сөздөрүн укпай, тескерисинче аларды жат көрүнүш катары санап калды.

Бүгүнкү өкмөттүн эң башкы эмгеги – экономиканы көтөрүүгө кыйла иштерди жасап жатканында. Биринчи кезекте өлкөнүн бюджетин көбөйтүү маселеси. Буга жетүү үчүн бийлик коррупцияга каршы аёосуз күрөш жарыялады, себеби мурунку бийликтин кезинде мамлекеттик каражаттар уурдалып, казына бош болчу. Акыйкаттыктын доору башталып, мамлекеттин казынасына кол салгандардан каражаттарды кайтаруу "кустуризация" процесси жүргүзүлгөн. Мамлекеттик каражатты сол чөнтөкө салуу жана башка ар кандай схемалар жок кылынды. Бул иштердин натыйжасында, бир кезде мамлекеттен уурдалган ири суммадагы каражаттар өлкөнүн бюджетине кайтарылды.

Бийлик экономиканын бардык тармактарында тартипти орнотуп, бардык чечимдерди ачык-айкын кабыл ала баштады. Мамлекеттик органдардын жүргүзгөн саясаты ачык болуп, ар бир чечими маалымат каражаттарында жарыяланып турганы, эң негизгиси, ошол чечимдердин жыйынтыктарын адилеттүү жол менен так аткарганы, элдин бийликке болгон ишениминин өсүшүнө чоң өбөлгө түзүп келет.

Бийликтин айрым аракеттерин президент өзү жеке маалымат каражаттарында жана башка аянтчаларда ачык түшүндүрүп берип турду. Бул дагы жарандардын өкмөт жүргүзүп жаткан өзгөрүүлөргө болгон ишенимин арттырууга негиз болду.

Улуттук валюта сомдун курсу акыркы жылдары кескин төмөндөп же көтөрүлбөй, кыргыз сому туруктуу валютага айланды. Өлкө бюджетинин көбөйүшүнүн натыйжасында мугалимдердин, дарыгерлердин, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин, аскер жана башка мамлекеттик кызматкерлердин айлыктары көтөрүлө баштады. Пенсиялар жана жөлөк пулдар бир кыйла жогорулады. Бул жакшы иштердин шарапатынан жарандардын жашоосунда тынчтык жана стабилдүүлүк орноду.

Ар бир мамлекеттин негизи – экономика. Азыркы бийлик экономиканы көтөрүү үчүн бардык күчтөрүн жумшоодо. Бүгүнкү күндө жарандардын ар кандай социалдык көйгөйлөрүн чечүүдө бийлик тез жана ишенимдүү чечимдерди кабыл алууда, анткени мамлекеттин казынасы мурдагыдай бош эмес.

Албетте, бул жетишкендиктердин баары, жарандардын бийликке болгон ишенимин кыйла өсүшүнө таасир этти. Бүгүн жарандардын бийликтин бардык структураларына ишеними жогорулады деп айттудан алыспыз. Алар дагы эле мурункудай кээ бир мамлекеттик органдарга өз маселеси менен кайрылуудан сестенип турушат. Баарыбызга белгилүү болгондой, мурда мамлекеттик органдардын бардыгы коррупцияга малынган болчу. Жарандардын иши акчасыз бүтчү эмес. Бүгүн башка көрүнүш – чиновниктер мурункудай пара алгандан коркушат. Айлык акылары көтөрүлгөндөн кийин мындай кызматкерлер ордунан айрылып калбайлы деп таза иштегенге көнө баштады.

Бүгүнкү күндө система өзү уурулукка, паракорчулукка каршы элдешкис согушту ачып, коррупционерлерге, дегеле буга окшогон жаман көрүнүштөргө терс образ жаратууда. Бийликтин күрөшү элдин арасында кадыр-баркка ээ болгондордун дагы беттерин ачып жатат. Мындай көрүнүштөрдү ачыкка чыгаруу, өсүп келе жаткан муундар үчүн жакшы сабак болушу керек. Биз өзүбүздүн салттуу баалуулуктарыбызды кайтарып алуу убагы келгендей сезилет. Бүгүнкү күндүн баатыры паракор, коррупционер, кылмышкер эмес, чынчыл, элин, жерин ойлогон абийирдүү инсан болушу керек.

Бүгүнкү күндөгү мамлекеттик органдарга ишеним артуу боюнча ар кандай сурамжылоолор жүргүзүлүп келет. Бул боюнча эч кандай ишеним индексттери жок эле мисал келтирип кетейин. Мамлекеттик ипотека компаниясы Президенттин иш башкармалыгына өткөндөн кийинки иштерин көрүп, ар бир кыргыз жараны кубаттап келет. Канча деген үйлөр курулуп, канча деген жарандар үйлүү болуп жатышат. Албетте, мындай иштер жарандардын бийликке болгон ишенимин жогорулатат.

Акыркы мезгилде күч органдарына дагы ишеним өсүүдө. Буга өлкөбүздүн экономикасынын өсүшү себеп. Айлык акылары бир топ көтөрүлгөн. Эми эл четинде, жоо бетинде болобуз дегендер бул органдарга кызмат кылганы эч ойлонбой келишет. Мурда айлыгы аз, ачка милиционерге ишеним жокко эсе болчу. Бүгүн Ички иштер министрлиги накта эл коргоочу органга айланат деген зор ишенич бар.

Бактыбек Мамбетов, Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттиги

Пикир

Оставить комментарий