• 87
  • 90.63
  • 0.79

Жаратылыш министри суу форумунда Ысык-Көлдү сактоо боюнча баяндама жасады

Коом 0

Бишкек, 29.11.24. /Кабар/. Бүгүн жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Машиев Ысык-Көл облусунда өткөн улуттук суу форумунда "Климаттын өзгөрүү шарттарында Ысык-Көлдүн экологиялык абалы" деген темада баяндама жасады.

Министр өз сөзүндө Ысык-Көл жана анын экосистемасы климаттык өзгөрүүлөрдүн алдында Кыргызстанда эң аялуу болуп саналаарын баса белгиледи.

Ал төмөндөгүдөй негизги көйгөйлөрдү атады:

- акыркы 12 жылда кургакчылык, жер көчкү, сел жана суу ташкыны сыяктуу табигый кырсыктардын жыштыгы жана масштабы 1,5 эсеге өстү;

- 2024-жылдын биринчи жарымында 300дөн ашык жер көчкү катталды, бул инфраструктуранын бузулушуна, адамдардын өлүмүнө жана аялуу аймактардын миңдеген тургундарынын көчүрүлүшүнө алып келди;

- Ысык-Көл үчүн суунун негизги булагы болгон мөңгүлөр тездик менен азайып баратат. Акыркы 70 жылда алардын аянты 16%га кыскарган жана климаттын өзгөрүүсүнүн учурдагы темптери сакталып калса, 2100-жылга карата Кыргызстандагы мөңгүлөрдүн жарымынан көбү жок болуп кетиши мүмкүн.

Министр буга чейин көлгө агып келген 101 дарыянын 56сы гана сакталып калганын, жай мезгилинде бул көрсөткүч 30 дарыяга чейин азайганын белгиледи. Агын суулардын азайышы көлдүн агып кетишине жана гидрологиялык режимдин өзгөрүшүнө алып келет, бул аймактын биологиялык ар түрдүүлүгүнө жана экосистемасына терс таасирин тийгизет.

"Биз Ысык-Көлдүн тоо экосистемасынын морттугун жана уникалдуулугун билебиз. Бул биздин улуттук байлыгыбыз гана эмес, аймактагы суу балансынын маанилүү элементи. Климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү адаптацияны да, митигацияны да камтыган комплекстүү мамилени талап кылат. Биз Көлдү жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо үчүн күч - аракеттерди бириктиришибиз керек, болбосо анын кесепети катастрофалык болот", - деди Медер Машиев.

Министр натыйжалуу чечимдерди иштеп чыгуу үчүн эл аралык кызматташтыктын, илимий мамиленин жана инвестицияларды тартуунун зарылдыгын баса белгиледи. Ошондой эле дарыялардын гидрологиялык режимин калыбына келтирүү, сууну үнөмдөө технологияларын киргизүү жана климаттын өзгөрүү шарттарында биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо боюнча чаралар айтылды.

Белгиленгендей, улуттук суу форуму Кыргызстандын суу ресурстарын коргоо маселелеринде мамлекеттик бийлик өкүлдөрүнүн, эл аралык уюмдардын жана илимий коомчулуктун аракеттерин бириктирүү менен өз ишин улантат.

Пикир

Оставить комментарий