• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Россиянын "Синергия" университети Кыргызстанда IT колледжин ачууну сунуштады

Коом 0

Бишкек, 12.10.23. /Кабар/. Россиянын "Синергия" университети Кыргызстанда IT колледж ачууну сунуштады. Бул тууралуу КР Соода-өнөр жай палатасынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган ЖОЖдун өкүлдөрү мындай демилгени кечээ кыргыз-орус аймактар ​​аралык 10-конференциянын алкагында өткөн кыргыз-орус ишкерлер кеңешинин жыйынында билдиришти.

Мындан тышкары, эки өлкөнүн Соода-өнөр жай палаталары Россиянын аймактарында бал жана жаңгак фестивалдарын өткөрүүгө макулдашты.

Жыйындын жыйынтыгында эки документке кол коюлду:

1. Илимий-техникалык, билим берүү жана маданият тармактарында кызматташууну кеңейтүүнү караган Ишкер кеңештин кызматташтыгын өнүктүрүү боюнча жол картасы;

2. КР президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты, КР Соода-өнөр жай палатасынын Ош облустук бөлүмү жана РФ Соода-өнөр жай палатасынын ортосунда облуста өнөр жай паркын түзүү жөнүндө меморандум.

2024-жылы Ысык-Көлдүн жээгинде маданий жана ишкердик иш-чаралары өткөрүү пландаштырылды.

Пикир

Оставить комментарий