• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобуна тиешеси бар деп шектелген ишкер камакка алынды

Укук тартиби 0

Бишкек, 12.10.23. /Кабар/. Камчы Асанбектин (Көлбаев) уюшкан кылмыштуу топторунун ишмердүүлүгүнө каршы көрүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында кармалган 1969-жылы туулган ишкер П.О.В. (Олег Подобедов) убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

"Кабар" агенттигине соттун басма сөз кызматы билдиргендей, Биринчи май райондук сотунун 9-октябрдагы чечими менен УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгынын тергөөчүсүнүн ишкер П.О.В.га карата арызы канааттандырылып, ал тергөө аяктаганга чейин, башкача айтканда, 2023-жылдын 4-декабрына чейин УКМКнын СИЗОсуна камакка алынды.

Пикир

Оставить комментарий