• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Жаратылышты көздүн карегиндей сактайлы – президент

Президент 0

Бишкек, 15.09.24. /Кабар/. Бейиштин төрүндөй болгон жаратылышыбызды келечек муундарга көздүн карегиндей сактап, таза өткөрүп берели. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

Мамлекет башчысы анда мекендештерге кайрылып, Бишкек, Ош жана башка шаарлардын мэрлеринин суранычын айтып өттү.

"Урматтуу шаар тургундары! Таштандыны кеч киргенден баштап түнкү саат 24:00гө чейин таштап берсеңиздер.

Түнү менен таштанды тазаланат.

Көпчүлүк эртең менен таштанды таштаганга көнүп калышкан.

Ошондуктан эртең менен эмес, түнкү саат 24:00 гө чейин таштанды таштаганга үйрөнсөңөр, күндүз кечке таштанды салган челектер таза турмак.

Шаарларыбыз таза болсо өзүңөргө эле жакшы эмеспи", - деп белгиледи өлкө башчысы.

Пикир

Оставить комментарий