Бишкек, 29.07.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандык спортчу Жаркынай Нурлан кызы 17 жашка чейинки (U17) кыздар арасында күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында коло утту. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн сайтында айтылат.
Мелдеш 25-31-июль аралыгында Италиянын Рим шаарында өтүүдө.
Жаркынай Нурлан кызы 65 кг салмакта чемпионаттын 1/8 финалынан баштап катышты. Ал алгач түркиялык спортчуну 6:2, чейрек финалда индиялык кызды 4:2 эсебинде жеңип алган. Жарым финалда япон кызга утулуп, коло медаль үчүн күрөшүүгө чыкты.
Үчүнчү орун үчүн кармашта америкалык Сидней Перрини 7:0 эсебинде артта калтырып, коло медаль багындырды.
Пикир
Оставить комментарий