• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Жаш жеткинчектердин күрөш менен машыгуусуна түрткү болгон – Айсулуу Тыныбекова

Спорт 0

Бишкек, 18.07.24. /Кабар/. Бир жумадан кийин Парижде өтө турган Олимпиада оюндарында Кыргызстандан 62 кг салмак категориясында Айсулуу Тыныбекова күрөшөт. Мелдешти утурлай Тыныбекованын Олимпиадада кез келе турган атаандаштарынын аттары белгилүү болгон. Алардын арасында япониялык Сакура Мотоки, монголиялык Орхон Пурэвдорж баштаган спортчулар бар.

Дүйнөнүн үч жолку жана Азиянын алты жолку чемпиону, Токиодогу Олимпиада оюндарынын күмүш байге ээси Айсулуу Тыныбекова көптөгөн жаш жеткинчектердин кумирине айланып, алардын күрөш менен машыгуусуна түрткү боло алды. Алдыда 31 жаштагы балбан Айсулуу Тыныбекова тууралуу кыскача маалыматтарды топтодук.

Өмүр баяны: Айсулуу Тыныбекова 1993-жылы 4-майда Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында төрөлгөн. Бирок жерлиги жана чоңоюп өскөн жери Нарын облусунун Кочкор районундагы Теңдик айылы. Үй-бүлөдө беш бир туугандын төртүнчүсү: эки эжеси, ага-иниси бар.

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген спорт чебери өлкө тарыхында спорттун Олимпиадалык түрлөрүнөн Дүйнө чемпиону болгон алгачкы кыргызстандык спортчу болуп калды.

Жетишкендиктери:

  • Олимпиада оюндарынын күмүш медалынын ээси (Токио, 2020);
  • Дүйнө чемпионатынын коло медалынын ээси (Париж, 2017);
  • Дүйнө чемпионатынын алтын медалынын ээси (Нур-Султан, 2019);
  • Дүйнө чемпионатынын алтын медалынын ээси (Осло, 2021);
  • Дүйнө чемпионатынын алтын медалынын ээси (Белград, 2023);
  • Дүйнө кубогунун алтын медалынын ээси (Белград, 2020);
  • Жайкы Азия оюндарынын коло медалынын ээси (Инчхон, 2014);
  • Жайкы Азия оюндарынын алтын медалынын ээси (Жакарта, 2018);
  • Жайкы Азия оюндарынын коло медалынын ээси (Ханчжоу, 2022);
  • Жабык имараттагы Азия оюндарынын күмүш медалынын ээси (Ашхабад, 2017);
  • Азия чемпионатынын коло медалынын ээси (Нью-Дели, 2013);
  • Азия чемпионатынын күмүш медалынын ээси (Алматы, 2014);
  • Азия чемпионатынын күмүш медалынын ээси (Доха, 2015);
  • Азия чемпионатынын алтын медалынын ээси (Бангкок, 2016);
  • Азия чемпионатынын алтын медалынын ээси (Нью-Дели, 2017);
  • Азия чемпионатынын алтын медалынын ээси (Сиань, 2019);
  • Азия чемпионатынын коло медалынын ээси (Нью-Дели, 2020);
  • Азия чемпионатынын алтын медалынын ээси (Алматы, 2021);
  • Азия чемпионатынын күмүш медалынын ээси (Улан-Батор, 2022);
  • Азия чемпионатынын алтын медалынын ээси (Астана, 2023);
  • Азия чемпионатынын алтын медалынын ээси (Бишкек, 2024);
  • Универсиаданын коло медалынын ээси (Казань, 2013);
  • Ислам шериктештик оюндарынын алтын медалынын ээси (Конья, 2021).

Мамлекеттик сыйлыктары:

  • Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттерде дене тарбия, спорт жана туризм тармагында кызматташуу идеяларын ишке ашыруудагы “Дене тарбияны, спортту жана туризмди өнүктүрүүдөгү сиңирген эмгеги үчүн” Ардак белгиси менен сыйланган (2015-жылдын 16-апрели, КМШ Парламенттер аралык ассамблеясы);
  • Спорттогу жетишкендиктери үчүн "Данк" ордени ыйгарылган (2017);
  • “Спорттогу мыкты жетишкендик” номинациясы боюнча Кыргыз Республикасынын Чыңгыз Айтматов атындагы жаштар премиясынын лауреаты (2019);
  • Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшүү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Айсулуу Тыныбекова Токиодогу ХХХII жайкы Олимпиада оюндарында күмүш медаль утуп алгандыгы үчүн II даражадагы “Манас” ордени менен сыйланган (2021).

Пикир

Оставить комментарий