Жашообуздун жарыгы, өмүрүбүздүн чырагы. Президент энелерди майрамы менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 19.05.24./Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн кыргызстандыктарды Энелер күнү менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосунда төмөнкүдөй айтылат:

Асылзат апалар!

Сүйүүктүү энелер!

Өлкөбүздө ар жылы жадыраган май айынын үчүнчү жекшембисинде Энелер күнү өзгөчө толкундануу менен белгиленип келет. Себеби бул күн ар бир жарандын жүрөгүндө мээримдүүлүк, боорукерлик сезимин козгоо менен дүйнөдө энеден өткөн ыйык эч ким жок экенин эске салып турат.

Эненин бийик зоболосун ондогон кылымдар бою нарк-насил менен жашап келген кыргыз элинин турмушу ар тараптан ырастап турат. Азыр да кыргыз наркында эненин орду бийик!

Биз дүйнөнү энелерибиздин бешик ыры менен тааныйбыз. “Ыңаалап” жарык дүйнөгө келгенден тарта ак сүтүн арнап берип, түн уйкусун үч бөлүп үстүңө көпөлөктөй айланып, кара жанын карч уруп жүрүп торолткон энелерге жан курман! Эненин мындай өзгөчө табияты менен улуу касиетин элибиз эчактан эле туюп-билип, эне деген улуу заттын алдында өмүр бою милдеткер экенин билишкен. Ошондон улам, кыргыз элинде тоо томкорор баатыр болсо дагы акыркы деминде эне деген ыйык ысымды оозанат.

Элибиз эчактан эле бүтүндөй бир мамлекеттин пайдубалы эне кармап турган бекем үй-бүлөдөн башталарын жаземдебей түшүнүшкөн. Мындан улам, эзелтен элибиз энеге өзгөчө мамиле жасап, үй-бүлөнүн отун өчүрбөй улай турган касиетке эгедер экенин билип, аздектеп, сыйлап келишкен. “Дүйнөнүн түркүгү – энелер” деген акылман элибиз.

Ар бирибиз бабалардан келаткан мындай наркты абийирдин мыйзамы катары тутунуп жашоого тийишпиз.

Бүгүнкү күндө адеби бар, ыйманы толук, коомго үлгү боло турган жаштарыбыз эң алды энени терең урматтаган адамдык улуу сапатка ээ болушу абзел!

Урматтуу мекендештер!

Эненин кучагындай бекем кучак болбос, эненин мээриминдей күчтүү сезим болбос. Кандай адам болбосун, кайсы жерде жүрбөсүн, эне мээрими аны ар дайым эңсетип, эне кучагына чакырып турат. Себеби жашообуздун жарыгы, өмүрүбүздүн чырагы – Эне. Ошондуктан жалпыңыздарды жарык дүйнөгө алып келген энелерибизди урматтоо менен алардын теңдешсиз мээримине ар дайым таазим этүүгө чакырам.

Урматтуу асылзат апалар, мээримдүү энелер!

Сиздерге үй-бүлөлүк чексиз бакыт каалайм!

Жашообуздун тиреги, өмүрүбүздүн соолугус булагы болуп жүрө бериңиздер!

Бүгүнкү майрамыңыздар кут болсун!

Бар болуңуздар!”.

Пикир

Оставить комментарий