• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Жаштар иштери жана спорт агенттиги эмне иштерди аткарууда?

Коом 0

Бишкек, 28.06.19. /Кабар/. Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Канат Аманкулов "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында агенттиктин иштери тууралуу айтып берди.

Ал белгилегендей, бул жылы февраль айында Бишкекте ШКУнун "Туризмди өнүктүрүү" жаштар форуму болуп өттү. Анда уюмдун ичиндеги туризмге демөөр берүү үчүн ШКУнун жаштар картасын киргизүү чечими кабыл алынган.

Андан кийин июнь айында Кыргызстандын төрагалыгы алдында ШКУнун Жаштар кеңешинин отуруму өткөн. Жакында эле кыргыз-өзбек жаштар форуму болуп, ага чек арага жакын жерлерде жашаган жаштар катышкан.

"Кыргызстанда "Жаштар менен балдарга татуу Кыргызстан" эл аралык концепциясы иштелүүдө. Анда балдар менен жаштардын өздөрүнүн байгерчилиги менен байланышкан маселелерди чечүүгө катышуусуна колдоо көрсөтүү стратегиясын ишке ашыруу камтылган", - деди ал.

Жаштар маселелерин чечүүгө жалпы 1 млрд. 14 млн. сом бөлүнүп, алар 7 программа боюнча бөлүштүрүлгөн. Алар БУУ, Германиялык коомчулук, Ага-Хан фонду менен биргеликте жүзөгө ашырылат.

Аймактарда жаштардын өнүгүүсү, ар кыл кооптуу топтордун катарына кошулбашы жана алдынкы окуу жайларга өтө алышы үчүн шарттар түзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий