• 84.7
  • 93.39
  • 0.89

Баткендин Зардалы айылына чакан ГЭС куруу долбооруна байланыштуу конкурс өтөт

Экономика 0

Бишкек, 04.10.24. /Кабар/. Министрлер кабинетине караштуу "Жашыл энергетика фонду" мамлекеттик мекемеси Баткен облусунун Баткен районундагы Зардалы айылына чакан ГЭС куруу долбооруна байланыштуу инвесторлорго конкурс өткөрөт. Бул тууралуу аталган ведомстводон кабарлашты.

Маалыматка ылайык, конкурс 2024-жылдын 14-октябрында Эркиндик бульвары, 56 дарегинде жайгашкан "Жашыл энергетика фондунун" имаратында саат 15:00дө өтмөкчү.

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаровдун Баткен облусунун Зардалы айылына болгон иш сапарынын алкагында айылга жалпы кубаттуулугу 30 мегаватт болгон, 6,31 гектар аянтты камтыган Чакан ГЭС куруу тапшырмасы коюлган.

ГЭСтин курулушу Зардалы айылынын тургундары үчүн туруктуу электр энергиясын камсыз кылууга чоң салым кошмокчу.

Пикир

Оставить комментарий