Бишкек, 09.04.22. /Кабар/. Соцфонддун кызматкерлери «Ынтымак - 2» сейил багына 100 көчөт отургузду. Бул тууралуу фонддун басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 9-апрелде президент Садыр Жапаровдун “Жашыл мурас” улуттук өнөктүгүн жана борбордун тазалыгын камсыздоо боюнча Бишкек шаардык мэриясынын чакырыгын колдоп, Социалдык фонддун кызматкерлери Бишкек шаарындагы «Ынтымак - 2» сейил багынын аймагында ишембилик өткөрдү.
Иш-чарага 200 кызматкер катышып, парк аймагына 100 көчөт отургузулду.
Пикир
Оставить комментарий