Бишкек, 23.01.25. /Кабар/. Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында Жогорку Кеңештин бош калган депутаттык мандаты «Ата-Журт Кыргызстан» партиясында депутаттыкка талапкерлердин кезегинде турган Пархат Түлендыбаевге берилди.
Ал "КР президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Конституциялык мыйзамдын 65-беренесинин 3, 4-1-бөлүктөрүнө ылайык Жогорку Кеңештин депутаты болуп катталды.
Эл өкүлүнө белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги берилди.
Белгилей кетсек, Пархат Түлендыбаев Жеңишбек Токторбаевдин ордуна келди.
Эске салсак, бүгүн, 23-январда ЖКнын депутаты Жеңишбек Токторбаев Ош шаарынын мэри болуп дайындалган.
Пикир
Оставить комментарий