• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Жеңишке 75: Россия Коргоо министрлигинин сайтында жоокерлер тууралуу 27 млн жазуу жана сүрөттөр жайгаштырылды

Жеңишке 75 0

Бишкек, 10.03.20 /Кабар/. Россиянын Коргоо министрлигинин сайтында Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары тууралуу сүрөт жана жазуулар базасына 27 млн сүрөт жана жазуу жайгаштырылды. Бул тууралуу Россиянын Коргоо министрлигинин маалымат жана массалык коммуникациялар департаменти билдиргенин РИА Новости жазат.

"Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын элесин түбөлүккө калтырууга арналган "Эскерүү жолу" мультимедиялык долбоорунун алкагында сайтка алар тууралуу 27 млн сүрөт жана жазуулар жайгаштырылды", - деп айтылат маалыматта.

Согуштун катышуучулары тууралуу маалыматтар алардын интернет-порталынын башкы бетинде чыгарылган жана ал улам жаңыланып турат.

"Бул долбоорго ар бир каалоочу катыша алат. Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жөнүндөгү маалымат жана сүрөттөр мультимедиялык музейдин экспозициясында орун алышы үчүн материалдарды "Эскерүү жолу" сайтына жүктөө гана керек", - деп айтылат маалыматта.

Россия Коргоо министрлигинин "Эскерүү жолу" долбоору – Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында согушка катышкандар, коргоо ишканаларынын жумушчулары, маданият мекемелеринин кызматкерлери, жалпы эле согуш жылдарында жеңиш үчүн күрөшкөн жана эмгектенген адамдардын миллиондогон сүрөтү камтылган маалыматтар базасы.

Пикир

Оставить комментарий