• 84.2
  • 92.98
  • 0.92

Абылгазиев тынчтык акциясынын жүрүшүндө жарандардын коопсуздугун камсыз кылууну тапшырды

Өкмөт 0

Бишкек, 10.03.20. /Кабар/. Өкмөт башчы тараптарды жарандардын катышуусундагы акцияларда чыр-чатакка жол бербөөгө чакырат, - деп айтылат өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү тараткан маалыматта.

«Биздин эл аялдарга өзгөчө сый мамиле кылып, салттуу баалуулуктарды сактап келген. Үй-бүлөдөгү жана коомдогу айымдардын ролу дайыма өзгөчө болуп келген. Биз бул баалуулуктарды бүгүн да сактап, сыйлашыбыз керек. Укук коргоо органдары тынч жарандарды коргоо жана чыр-чатактарга жол бербөө үчүн акыркы чараларды көрүүгө тийишпиз. Ал эми акциялардын уюштуруучулары катышуучулардын алдындагы жоопкерчилигин сезип, чагымчылдыкка жол бербөө үчүн бардык кадамдарга баруусу зарыл», - деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы Ички иштер министрлигине акцияларды өткөрүү учурунда мыйзам чегинде тартипти камсыздоону тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий