• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Дүйнөлүк банк Камбар-Ата – 1 ГЭСинин курулушуна каржылык колдоо көрсөтүүгө кызыкдар экенин ырастады

Өкмөт 0

Бишкек, 15.11.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Дүйнөлүк банктын Европа жана Борбордук Азия региону боюнча энергетикалык тармак тобунун башчысы Стефани Гил менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Дүйнөлүк банктын командасы 2024-2028-жылдарга Кыргыз Республикасы менен жаңы Өнөктөштүк Стратегиясы тууралуу маалымат берди, анын негизги багыттары катары энергетика, ичүүчү суу, айыл чарба жана башкалар саналат.

Дүйнөлүк банк Камбар-Ата – 1 ГЭСинин курулушуна каржылык колдоо көрсөтүүгө кызыкдар экенин ырастады.

Ошону менен бирге Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү өздөрүнүн ролун бир гана финансылык катышуу менен чектебестен, башка потенциалдуу инвесторлорду тартууда биргелешип уюштуруучу тарап катары карай турганын белгилешти.

Мындан тышкары, Дүйнөлүк банк ичүүчү суу менен камсыз кылуу жаатында пилоттук алкактык долбоорду иштеп чыгуу жөнүндө маалымат берди, анын болжолдуу суммасы 400 млн АКШ долларын түзөт, ал эми 100 млн АКШ доллары Дүйнөлүк банк тарабынан бөлүнөт.

Өз кезегинде министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Дүйнөлүк банкка кызматташуусу үчүн ыраазычылык билдирип, анын республиканын калкынын жашоо сапатын жакшыртууга жана өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылууга багытталган ири долбоорлорду жана программаларды ишке киргизүүдөгү маанилүү ролун белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий