• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жер жана сууга байланыштуу мыйзам бузуулардан бюджетке 18 млн сом өндүрүлдү

Коом 0

Бишкек, 15.11.23. /Кабар/. Жер жана сууга байланыштуу мыйзам бузуулардан мамлекеттик бюджетке 18 млн сом өндүрүлдү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жерди жана сууну көзөмөл кызматы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жалпы саны 916 түзгөн, анын ичинен:

– пландуу текшерүүлөр – 293;

– пландан тышкары текшерүүлөр – 258;

– контролдук текшерүүлөр – 365;

Укук коргоо жана башка мамлекеттик органдары менен биргеликте текшерүүлөрдүн саны – 419.

Пландуу жана пландан тышкары текшерүүлөрдү жүргүзүүдө табылган бузуулардын саны 1497 түзгөн, анын ичинде:

– жер жаатында – 910 бузуулар табылды;

– суу жаатында 587 бузуулар табылды.

Берилген жазма буйруктардын аткарылышын көзөмөлдөө максатында, контролдук текшерүүлөрдү жүргүзүүдө 905 бузуулар жоюлду, анын ичинен:

  • жер жаатында – 509;
  • суу жаатында – 396.

Жазма буйруктар толук аткарылбагандыгы үчүн, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар Кодексинин негизинде жоопкерчиликке тартылган айыпкерлердин саны 491 болду, анын ичинде:

– жер жаатында – 387,

– суу жаатында – 104.

Айыпкерлерге салынган айып пулдун жалпы суммасы 3 млн 823 миң 500 сомду түзүп, ал суммадан 3 млн 112 миң сому мамлекеттик бюджеттин эсебине төлөнүп, өндүрүлдү.

Отчеттук мезгилде коюлган доонун суммасы 46 млн 511 миң 241 сом түзүп, коюлган доолордун суммасынан жалпы 18 млн 11 миң 651 сом мамлекеттин бюджетине өндүрүлдү.

Мыйзамдардын бузулушуна байланыштуу дооматтар коюлуп, 120 материал сот органдарына өткөрүлүп берилген, анын ичинде каралган иштер 65 жана кароодо турган иштер 55. Укук коргоо органдарына 129 материал өткөрүлдү.

Жерлерди өзүм билемдик менен мыйзамсыз ээлеп алуу фактыларын алдын алуу жана болтурбоо боюнча чаралар жөнүндө КР пезидентинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги ПЖ № 109 Жарлыгынын аткаруу боюнча мыйзамсыз курулган обьектилердин саны – 651.

КР президентинин жарлыгын аткаруу алкагында мыйзамсыз болуп аныкталган объектилердин саны – 113.

Пикир

Оставить комментарий